Кыргындын курмандыктарын эскерүү жөрөлгөсү бүгүн бүткүл Пакистан боюнча өтүүдө жана ал апта бою уланат.
Былтыр 16-декабрда Талибандын согушкерлери Пешавар шаарындагы аскердик мектепке кол салганда 147 адамдын, көбүнесе балдардын өмүрү кыйылган.
Алардын 120дан ашуунун ысымдары ушул аптада Исламабад шаарынын көчөлөрүнө коюлду.
Кандуу окуянын бир жылдыгы алдында кечээ Пакистан бийликтери кыргын үчүн жоопкерлердин сегизин өлүм жазасына тартты.
Расмий Исламабад өлүм жазасын аткарууга алты жыл мурда киргизилген мораторийди былтыркы кыргындан кийин жокко чыгарган. (UE)