Москвадагы “Левада борбору” өткөргөн сурамжылоонун “Коммерсантъ” басылмасы 16-декабрда жарыялаган жыйынтыгына караганда, Орусияда теле жаңылыктарга ишенгендер саны акыркы бир жарым жылда 9%га азайып, азыр 41%ды түзүп калды.
Алты жыл мурда бул көрсөткүч дээрлик эки эсе жогору -79%дын тегерегинде болчу.
Бирок Орусияда дале болсо теле көрсөтүүлөр жаңылыктын негизги булагы бойдон калууда. Суралгандардын 85% “өлкөдөгү жана дүйнөдөгү жаңылыктар” тууралуу теле аркылуу билерин айтышкан.
Социологдордун тыянагына караганда, Орусияда телени бийликтин ишмердигин жактырбагандар, жогорку билимдүүлөр, интернет колдонуучулар аз көрүшөт. (UE)