Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:27

Казакстанда эгемендик майрамы белгиленүүдө


Казакстан бүгүн - 16-декабрда көз карандысыздыктын 24 жылдыгын майрамдап жатат. Өлкөдө бул күндүн урматына эки күндүк дем алыш жарыяланган.

Бүгүн Алматада шаардын акими Бауыржан Байбек менен жарандык активисттер борбордук аянттагы "Эгемендик" эстелигине гүл коюшту. Бауыржан Байбек өлкөнүн көз карандысыздыкты алгандыгынын 24 жылдыгынын урматына гүл коюп жатканын айтса, оппозициячыл маанайдагы саясатчылар Жармахан Туякбай менен Жасарал Куанышалин жетектеген жарандык активисттер 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн окуясынын курмандыктарын жана 1986-жылдын декабрындагы Алмата козголоңун эскерүү үчүн келгенин белгилешти. Алар алып келген гүлчамбарда “Жаңы-Өзөнгө 4 жыл”, “Желтоксон–Жаңы-Өзөн” деген жазуулар оролгон.

Алматадагы эскерүү акциясына ондогон активисттер чогулушту. Полиция аларга кылдат байкоо салып турду.

1986-жылдын декабрында Алматада жергиликтүү жаштардын массалык нааразылык толкуну башталган. Буга ошо кездеги Казакстандын лидери Динмухаммед Кунаевдин кызматтан алынып, анын ордуна Геннадий Колбиндин дайындалганы себеп болгон. Желтоксон козголоңу бир нече күнгө чейин уланып, Алматыга кошумча аскер күчтөрү киргизилген. Массалык акция күч менен таркатылып, анын катышуучуларынын баары соттолуп, узак мөөнөткө түрмөгө кесилген. Советтер Союзу кыйрап, Казакстан көз карандысыздыкка жетишкен соң окуяны бийлик башкача мааниде баалаган. Козголоңго катышканы үчүн соттолуп, ар кандай жазага тартылгандарды советтик репрессиянын курмандыктары деп жарыялап, аларды актаган.

Ал эми 2011-жылдын 16-декабрында Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылышуу менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 16 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жаракат алган эле. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG