Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай темир жолу боюнча сүйлөшүү уланган жок


Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйынында Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай темир жолу боюнча сүйлөшүүнү жандантуу маселеси көтөрүлгөнү менен андан ары уланган жок.

Сүйлөшүүлөрдү тездетүү зарылдыгын 15-декабрдагы жыйында Кытай өкмөтүнүн башчысы Ли Кэцян белгилеп, "үч тараптуу жолугушуу тез арада" өтүшү керектигин жана 2016-жылдын биринчи жарымында бир чечимге келүү зарылдыгын айткан. Бирок бул демилгени качан ишке ашыруу маселеси макулдашылган жок.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу 20 жылга жакын убакыттан бери сөз болуп келет. Жолдун Кыргызстандагы бөлүгү 2012-жылдагы эсепте 430 чакырым келип, баасы 6 млрд. доллардын тегерегинде деп болжонгон. (SE\RK)

XS
SM
MD
LG