Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Орусия Түркияга каршы санкцияларды күчөтөт


Түркияга санкцияларды кеңейтүү максаты камтылган документти өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин тапшырмасы менен Экономикалык өнүгүү министрлиги даярдады. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы жазып чыкты. Орус бийлиги мейманкана, курулуш, жыгачты кайра иштетүү тармактарында ишкердик менен алектенген түрк компанияларына тыюу салууну көздөп жатат.

Ошондой эле Түркияда окуп, тажрыйба бөлүшүп жүргөн орусиялык учкучтар мекенине чакыртылып, бардык чөйрөдөгү мамлекеттик буюртмаларга чектөө коюлат.

Бирок Кремль орус базарына отурукташып, пайда алып келген ишканалардын айрымдарын калтыра турган болууда. Санкцияларды киргизүүдөн мурун Орусиянын экономикасына зыян келтирүүчү жагдайлар эске алынат.

24-ноябрда орусиялык Су-24 согуштук учагы Түркия-Сирия чек арасында атып түшүрүлгөндөн бери эки өлкөнүн мамилеси кескин солгундады. Буга чейин Орусия Түркияга карата бир катар санкцияларды киргизген. Түркиянын бийлиги Москвага жооп кайтара элек. Бирок зарылдыкка жараша Орусияга каршы санкциялар жарыяланышы ыктымалдыгы айтылат.

XS
SM
MD
LG