Жалал-Абад райондор аралык жылуулук ишканасынын кызматкери Ноокен районунун тургуну менен бирге анын жеке оор жүк ташуучу унаасында мазут сатып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, облустук милициянын 5-бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам маалыматтын негизинде жашыруун сатуу үчүн уурдалган 15 тонна мазутту 8-декабрда табышкан. Анын айынан жылуулук ишканасы 90 миң сомго чукул зыянга учураган. Кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. (RsK)