Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:11

Россельхознадзор: Кыргызстан Орусияга кытай жемиштерин алып кирүүдө


Бул тууралуу Орусиянын башкы көзөмөл мекемеси 15-декабрда тараткан билдирүүдө айтылат.

Россельхознадзордын баамында, Кытай продукциясын Кыргызстанда өндүрүлгөн деген документ менен Орусиянын аймагына алып кирүү “системалык мүнөзгө” айланып бара жатат.

Мунун соңку мисалдарынын бири катары мекеме Кыргызстандын фитосанитардык документтери берилген 40 тонна мандарин тарткан унаа кармалганын келтирет. Москвалык фирмага багытталган товар Ростов-на Дону шаарындагы өткөрмө бекеттен кирмек.

Россельхознадзор белгилегендей, жүктү коштогон документ Кыргызстандан алынган менен анын маркировкасы, кутулары Кытай өндүрүшүнөн чыкканын көргөзүп турат. (UE)

XS
SM
MD
LG