Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

№27 мектепте кош бойлуу мугалим газга ууланды


Бишкектеги №27 мектептин кыргыз тили мугалими газга ууланып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу мектеп директору Бермет Носинова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, кечээ сабак учурунда 9-класстын окуучусу газ бүрккөн баллонун кокустан басып алган. Натыйжада алты айлык боюнда бар мугалим жана алты окуучу жабыркаган.

- Окуучулардын абалы жакшы, баары ооруканадан чыкты. Мугалим дарыланып жатат. Бирок абалы жакшы, - деди Носинова.

Учурда шаардык милиция окуяны териштирип жатат. Алдын-ала маалыматтар боюнча, окуучунун ата-энеси газ баллонду ага жолбун иттерден коргонуу үчүн сатып берген. (UЕz)

XS
SM
MD
LG