Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Нарындык окуучу эл аралык олимпиадада коло медалга жетишти


Себат түрк лицейи.
Себат түрк лицейи.

11-декабрда Түштүк Кореянын Тэгу шаарында өткөн XII International Junior Science олимпиадасында Нарын шаарындагы кыргыз-түрк лицейинин окуучусу Чынгыз Тилебалдиев 3-орунду ээлеп, коло медаль менен сыйланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Себат” билим берүү мекемесинин коомчулук менен байланыш кызматкери Ширин Дубанаева билдирди. Олимпиадага дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн окуучулар катышып, сынак химия, биология жана физика сабактарынан болгон.

Бул эл аралык так илимдер боюнча олимпиада 2004-жылдын декабрынан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучу өлкө 6 окуучудан турган командасы жана 3 жетекчиси менен катышууга укуктуу. Олимпиада тест, теория жана эксперименталдык тур болуп 3 бөлүктө өтөт. (MiK)

XS
SM
MD
LG