Миң-Куштагы уран калдыктары коопсуз аймакка көчүрүлөт. Бул тууралуу Экологиялык жана санитардык инспекциянын инспектору Дуулат Бердалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын ырасташынча, уран калдыктарын көчүрүү 2016-жылы башталат. Бул үчүн 13 млн. доллар каралган. Аталган каражаттын 10 пайызын Кыргызстан менен Тажикстан, 20 пайызын Казакстан, калганын Орусия көтөрөт.
Миң-Куштагы уран калдыктарын сактоочу жайдагы жарака беш метрге жетип кооптуу кырдаал түзүлгөн. Калдыктарды көчүрүү маселеси он жылдан ашык мезгилден бери талкууланып келген. Аталган жайда 450 миң тонна уран калдыгы бар. (MTo/UEz)