Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Нарын: жыл башынан бери карышкыр 12 млн. сомдук зыян келтирди


2015-жылдын он бир айында Нарында карышкыр жеп кеткен малдын чыгымы 12 млн. сомго жетти. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Алмаз Максүтовдун айтымында, облустагы карышкырларды атып жок кылуу үчүн мергенчилерден турган 63 топ түзүлгөн. Мунун натыйжасында учурда 18 карышкыр жана 42 бөлтүрүк атылган.

"Өкмөттүн токтому боюнча мергенчи ар бир аткан карышкыры үчүн беш миң сом алат. Бул өтө эл аз. Ошол эле учурда карышкырдын базар баасы 10-15 миң сом болуп жатат", - деди Максүтов.

Карышкырларды жок кылуу үчүн өкмөттөн 500 миң сом каралган. Учурда анын 150 миң сому өкүлчүлүктүн эсебине которулган. Ал арада облустун бийлик өкүлдөрү мергенчилер үчүн сыйлыкты 10 миң сомго көтөрүү үчүн өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кат жолдошту. (MiK)

XS
SM
MD
LG