Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Жалган ишкердик жүргүзгөн 20 ишканага кылмыш иши козголду


Салык кызматынын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы менен бирге жүргүзгөн иликтөөсүнүн соңунда жалган ишкердик кылган 20 компанияга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, салыктан качкан ишканалар казынага 400 млн. сомдон ашык зыян келтирген. 20 компаниянын он бири Кубанычбек Рыспаев аттуу жаранга катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG