Индия өкмөтү ноябрь айындагы жер титирөөдөн жабыркаган кыргызстандыктарга 50 миң доллар бөлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Жаянт Кхоброгаде министр Кубатбек Боронов менен жолугуп, жер силкинүүдөн зыян тарткандарга жардам берүү маселесин сүйлөшүштү.
17-ноябрдагы күчү 7 баллга жакын жер титирөөдө Оштун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айыл аймагында 177 үй жараксыз деп табылган. Силкинүүнүн очогу болгон Чайчы кыштагында катталган. Учурда 110 үй-бүлө көчмө-темир үйлөргө киргизилген. Калган 60тай кожолук убада кылынган көчмө үйлөрдү күтүп жатат.
Жабыркагандарга каражат чогултуу максатында банктан атайын эсеп ачылып, азыр 44 миллион 152 миң сомдон ашуун акча топтолду. (SE)