Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:55

Баткенде үй салууга жер тартыш болууда


Баткен облусунда турак жай курууга жер тартыш болуп, айрым айыл өкмөтөрдө жер үчүн кезекке тургандардын саны миңден ашып кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Инсан-Лейлек” бейөкмөт уюмунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, чет жакта иштеп жаткан мигранттардын басымдуу бөлүгү үй салууга акча топтоп, бирок аны максаттуу пайдалана албай убайым чегүүдө. Аталган уюмдун өкүлү Канышай Ашимованын айтуусунда, жергиликтүү бийликтер буга өкмөт курамынын тез-тез алмашуусу кедергисин тийгизип жатканын билдиришкен:

-Айыл өкмөттөр жыл сайын жер бөлүштүрүүгө документтер даярдалып, тийиштүү министрликтердин байкоосунан өткөрүп, премьер-министрге жеткенде өкмөт башчы алмашып кетет. Ар бир премьердин тушунда эрежелер өзгөрүп, турак жай салуу маселеси түйшүк бойдон турганын жергиликтүү бийликтегилер айтып жатышат.

Баткенде жер тартыштыгынан улам мыйзамга дал келбесе да үлүш талааларына үй салып алгандар да бар. (SE)

XS
SM
MD
LG