Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Таллин орус учагы аба мейкиндигин бузганын билдирди


Ан-72 учагы (Иллюстрациялык сүрөт)
Ан-72 учагы (Иллюстрациялык сүрөт)

Орусиянын Ан-72 учагы Эстония аба мейкиндигин бузганы үчүн Таллин Москвага нааразылык билдирди. Бул боюнча орус элчисине нааразылык нотасы тапшырылганын "Азаттыктын" орус кызматы жазып чыкты.

Эстон коргоо министрлигинин маалыматына караганда, бейшембиде Вайндлоо аралынын үстүндө Ан-72 учагы эч кандай уруксатсыз учкан. Ал эстон аба мейкиндигинде бир мүнөткө жетпеген убакыттай болуп, ошол учурда эстон диспетчерлери менен радиобайланышты кармаган эмес.

Алдын-ала сунушталган план боюнча, учак эл аралык аба мейкиндикке тиешелүү тилкеде учушу керек эле.

Орус тарап азырынча бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG