Эки журналисттин өлүмүнө катыштыгы бар деген шек менен Орусияда камакта отурган украиналык учкуч Надежда Савченко 18-декабрда кайрадан ачкачылык жарыялайт. Бейшемби күнү Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык соту анын камак мөөнөтүн 2016-жылдын 16-апрелине чейин узартуу чечимин чыгарган.
Соттолуучунун күнөөсүз экенин далилдөө максатында Украина өкмөтү сунуштаган документтер отурумда каралган жок. Буга нааразы болгон Савченко ачкачылык баштарын билдирди.
Учкуч 2014-жылдын июль айында кармалган. Андан бери эки жолу ачкачылык жарыялады.
Украин бийлиги Савченко күнөөсүз экенин айтып, аны чек арадан орусиячыл жикчилдер уурдап кеткенин белгилеп келет. (SE)