Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:22

БУУ Коопсуздук кеңеши ИМ тобун каржылоого каршы резолюция кабыл алды


Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган топту каржылоого каршы резолюцияны бир добуштан колдоду. Документ Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керринин 15-декабрда Москвада өткөн сүйлөшүүсүнүн негизинде эки өлкө бийликтери тарабынан даярдалган. Резолюция “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүү жаатында мамлекеттерди бириктирүү максатын да көздөйт.

Быйыл февраль айында “Ислам мамлекети” тобунан мунай сатып алгандарга, “Фронт аль Нусра”, “Ал-Каида” сыяктуу топтор менен соода кылгандарга каршы санкциялар киргизилерин БУУнун Коопсуздук кеңеши эскерткен болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG