Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Кыргыз өкмөтү Кытай менен визасыз режим киргизүүгө кызыкдар


Кытайдагы туристтер.
Кытайдагы туристтер.

Кыргызстан Кытай менен визасыз режимди киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 60 мамлекеттин жарандары визасыз кирип чыгууда. Кытай мамлекети менен бул маселе боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок, өзүңөр билгендей, бул жерде анча-мынча коопсуздуктар бар. Бирок бул маселе да, кудай буйруса, келечекте чечиле турган маселе деп ойлойм,- деди Кожошев.​

Министр кошумчалагандай, визасыз каттам ишке кирсе Кытайдан Кыргызстанга жыл сайын миллионго жакын турист келиши мүмкүн.

Кыргызстан дүйнөнүн өнүккөн 45 өлкөсүнүн жарандары үчүн визасыз режимди 2011-жылы беш жылдык мөөнөт менен киргизген. Мындагы негизги максат өлкөгө туристтерди тартуу болгон. Бирок УКМК коопсуздук маселесинен улам визасыз режимди жоюу демилгесин көтөргөн(UEz)

XS
SM
MD
LG