Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

“Республика Ата-Журт” фракциясы Жогорку сотко нааразы


“Республика Ата-Журт” фракциясы бүгүн өткөн жыйынында Жыргалбек Саматовду депутаттык мандаттан ажыраткан Жогорку сот судьяларынын жоопкерчилиги соттор кеңешинде каралышы керектигин билдирди. Алардын айтуусунда, Саматовду мандаттан ажыраткан сот чечими мыйзамсыз.

Парламенттик шайлоодон кийин Саматовдун орус жарандыгы бар деген негизде БШК аны талапкерлер тизмесинен чыгарып салган. Кийин ал Жогорку сотко кайрылып Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарткан. Боршайком сот чечимине ылайык, 14-декабрда Саматовго депутаттык мандат тапшырган.

Эми болсо БШК кайрадан Саматовдун орус жарандыгы тастыкталганын жүйөө кылып, аны мандаттан ажыратып, Саматовго орун бошоткон Болотбек Ибраимжановдун ыйгарым укуктарын кайра калыбына келтирген.(UEz)

XS
SM
MD
LG