Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Башкы прокуратура унаа жүктөп кетчүлөргө кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура шаардык милициянын жол-кайгуул кызматына эвакуацияланган автоунаалардан мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин маалымат катчысы Нурлан Тагаев билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык жол-кайгуул кызматы сынак жарыялабай туруп “Аргымак” аттуу ишкана менен келишим түзгөн. Аталган ишкана автоунааларды мажбурлоо жолу менен эвакуациялап, мыйзамсыз акча чогулткан.

Башкы көзөмөл органы шаардык жол-кайгуул кызматынын жетекчи кызматкерлерине кызмат абалынан кыянат пайдалануу, өзүмбилемдик беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөөнү улантууда.(UEz)

XS
SM
MD
LG