Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Евробиримдик орус газын “Түндүк агым” аркылуу алып өтүүнү талкуулады


Бул жаңы газ түтүгүн куруу планын Германия көтөрүп чыккан. Анткени Балтика деңизи аркылуу алынып өтө турган бул газ кууру курулса, Германия жана Европанын башка өлкөлөрү алып жаткан газдын көлөмү эки эсе көбөйөт. Бирок бул долбоорго Евробиримдиктин борбордук Европада турган эки мүчөсү менен АКШ чечкиндүү түрдө каршы чыгышты. Анткени муну алар Украинаны айланып өтө турган орусиялык стратегия катары белгилешкен. АКШнын эл аралык энергетикалык маселелер боюнча атайын чабарманы Амос Хохштейн Вашингтон бул газ куурун куруу планын Украинаны транзит катары четке чыгара турган орусиялык долбоордун бир бөлүгү катары карай турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG