Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

ТИМ ЕККУ өкүлүнө жооп кайтарды


Тышкы иштер министрлиги Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятовичтин билдирүүсүнө жооп кайтарды. Мятович бүгүн, 18-декабрда Кыргызстандагы сөз эркиндиги боюнча атайын билдирүү жасап, анда журналисттердин административдик тартип бузуусу үчүн ири акчалай айыптарды салган кыргыз бийлигин сынга алган.

Тышкы иштер министрлиги Дуня Мятовичтин билдирүүсүн көз карандысыз өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалап, жоопкерчилик болгондо гана сөз эркиндиги болорун эскертти.

Эске салсак, сот журналист Дайыр Орунбеков интернетке жарыялаган макаласы менен президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп 2 млн. сом жаза чектеген. Президент аппаратынын мурдагы жетекчи орун басары Икромжан Илмиянов ушундай эле доомат менен Уран Ботобековду 1,8 млн. сом доого жыккан. (UEz)

XS
SM
MD
LG