Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Евробиримдик грузин жана украин жарандарын визасыз киргизиши мүмкүн


Еврокомиссия Грузия менен Украина Евробиримдиктин Шенген зонасына визасыз режим үчүн алардын алдына коюлган бардык талаптарды аткарганын билдирди. Мына ошондуктан бул эки өлкөнүн жарандары үчүн 2016-жылдан тарта Евробиримдиктин аймагына визасыз кирүүгө уруксат бериле турган болду. Эми бул маселе Европа парламенттинин кароосуна коюлуп, бекитилет. Бирок Брюсселдеги булактар европарламент бул эки өлкөнүн пайдасы үчүн добуш берсе визалык режимди алып салуу Европага миграция агымын күчөтпөйбү деген чочулоо бар экенин белгилешти. Украина менен Грузияга карата визалык режимди алып салуу үчүн коюлган талаптар ийгиликтүү аткарылганы Еврокомиссиянын отчетунда көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG