Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Чет элдик жаранды тоноого шектелгендер кармалды


Кыргызстандын ички иштер органдарына арыз менен кайрылган Монгол эл республикасынын 31 жаштагы жараны 17-декабрь күнү кечки саат сегиздер чамасында Жибек-Жолу көчөсүндөгү батыш автобекетинин аймагынан белгисиз эки адам кол салып, жанындагы акчасын тартып алганын айткан. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында Учкун жаңы конушунун 24 жаштагы тургуну жана Алтын-Ордо жаңы конушунун 27 жаштагы тургуну кармалды.

Мындан тышкары кечээ, 18-декабрда Бишкектеги Эне-Сай жаңы конушунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Жабырлануучу 14-декабрь күнү кечке жуук Кулиев-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран ага кол салып, жанындагы акчасы менен уюлдук телефонун алып койгонун билдирген. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында бүгүн кылмышка шектелип, Ала-Тоо жаңы конушунун 31 жаштагы тургуну кармалды.

Ушул тапта тоноого шектелгендер боюнча тергөө иштери башталды. (AzK)

XS
SM
MD
LG