Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:46

Иракта “Ислам мамлекети” тобунун 200гө чукул жоочусу өлтүрүлдү


Стив Уоррен
Стив Уоррен

Алар Ирактын түндүгүндө АКШ башында турган коалициянын авиасоккуларынын жыйынтыгында жок кылынды.

АКШ жөө аскерлеринин полковниги, коалициянын Багдаддагы маалымат катчысы Стив Уоррендин билдиришинче, 500дөй жоочу Ниневия провинциясындагы Пешмерга ирак күрттөрүнүн күчтөрүнө каршы ири сокку уюштурушкан. Коалиция болсо жооп катары аларга 100гө чукул бомба таштаган.

Стив Уоррен жоочулардын бул жолку аракетин май айында Рамади басылып алынгандан берки ири сокку деп атады. (AzK)

XS
SM
MD
LG