Кыргызстанда 20-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...-8,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз -3...-8,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...-5,
Баткен облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...-6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...-7,
Нарын облусунда түнкүсүн -20...-25, күндүз-10...-15,
Бишкекте 20-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5...-7 градус, күндүз -3...-5 градус суук болот.(AzK)