Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жаңы жабдуулар берилет


Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, жабдуулар борбордогу медициналык тейлөөнү жакшыртуу максатында жапон өкмөтүнүн гранттык программасынын алкагында берилип жатат. Анын ичине ымыркайларды жасалма дем алдыруучу аппарат, ымыркайлар үчүн инкубатор, реанимациялык комплекс, неонаталдык стол, реанимациялык система, монитор, кыймылдуу рентген аппарат, дем алууга жардам берчү аппарат, эки шприцтүү инфузомат кирет. Булардын жалпы суммасы 153 993 долларды түзөт.

Аталган программанын алкагында Кыргызстанда 1996-жылдан бери 127 долбоор ишке ашырылган. Аларга жалпысынан 8 жарым миллион доллардан ашык каражат жумшалган.

21-декабрда жабдууларды тапшыруу аземине Жапониянын паламентинин эл өкүлдөр палатасынын депутаты Кадзунори Танака баштаган делегация, Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ, Жогорку Кеңештин депутаттары, саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев жана борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаев катышат. (AzK)

XS
SM
MD
LG