Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:17

Сирия оппозициясы БУУнун резолюциясы ишке ашарына ишенбейт


Сирия оппозициясынын башкы күчтөрү - Улуттук коалиция жаңжалды жөнгө салуу боюнча эл аралык план ишке ашарынан күмөн саноодо. Аталган планга ылайык, Сириянын президенти Башар Асаддын режими менен оппозиция 2016-жылы сүйлөшүүлөрдү башташы керек. Стамбулда орун алган Улуттук коалиция план ишке ашпасын, анткени анын ичинде Башар Асаддын кийинки тагдыры тууралуу эч нерсе айтылбаганын билдирүүдө. Оппозиция Асаддын отставкасын тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоонун негизи шарты катары эсептейт.

Коалициянын башчысы Халед Ходжа Твиттерде БУУнун кабыл алган документи оппозициялык топтордун буга чейинки сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын жана БУУнун Сирия боюнча буга чейинки резолюцияларын жокко чыгарарын жазган.

Ходжанын өнкөтөшү Самир Нашар элдешүү боюнча шарттарды аткаруу үчүн Сирия өкмөтү жана Орусия оппозициянын позицияларына сокку уруусун токтотушу керек деп эсептейт.

АКШ жана араб өнөктөштөр Асад Сириянын президенти кызматынан кетиши керек деген ишенимде. Ошол эле учурда Дамасктын башкы өнөктөштөрү Орусия жана Иран анын саясий процесстерге катышуусуна кызыкдар. (AzK)

XS
SM
MD
LG