Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Нарында жаштар арасында ордо оюну боюнча мелдеш өттү


Улуттук оюнду жандандыруу максатында уюштурулган, Нарында эки күнгө созулган ордо оюну боюнча мелдеш бүгүн аяктады. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Осмоналиев билдирди.

Оюнга облус аймагынан 12 команда катышып, биринчи орунду Нарын районунун Өрнөк айылынан келген жаштар тобу ээледи. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана мактоо баракчалары тапшырылды.

Ордо оюну жыл сайын өткөрүлүп келет. Былтыр бул оюнга Жалал-Абад облусунан келген эки команда катышкан. (MiK)

XS
SM
MD
LG