Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Кылмыштуу топтун лидери Улан Токтосунов милицияга өз эрки менен келди


Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматтарга ылайык, "Сакал" лакап аты бар Токтосунов кечээ кечинде Москвадан учуп келип, аэропорттон милиция кызматкерлеринин колуна түшкөн. Ушул тапта ал убактылуу кармоо абагына камалды.

Былтыр орусиялык primecrime.ru сайты КМШдагы криматалыктардын Түркияда өткөн жыйынында Улан Токтосуновго “мыйзамдагы ууру” макамы ыйгарылганын жазып чыккан. Бирок Кыргызстандын Ички иштер министрлиги бул маалыматты төгүндөгөн.

Талас облусунда туулган 37 жаштагы Токтосунов мурда Кылмыш-жаза кодексинин "каракчылык", "тоноо" жана "зомбулук көрсөтүү" беренелериндеги кылмыш белгилери боюнча соттолуп, түрмөгө отуруп чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, ал Кара-Балтадагы уюшкан кылмыш тобунун башчысы Алмаз Бокушевдин жакын адамы катары кыргыз-казак чек арасындагы аткезчиликти көзөмөлгө алып турган. Токтосунов 2011-жылы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөгөндө өлкөдөн чыгып кетип, ошол боюнча дайын-дареги белгисиз болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG