Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:59

Сариев: эми паспорт алууга эки саат гана кетет


Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев 19-декабрда Калкты тейлөө борборунун ачылышында билдирди.

Анын айтымында, мындан ары адамдар үйүнөн чыкпай эле интернеттин жардамы менен Мамлекеттик каттоо кызматынынын электрондук тейлөө порталына кирип паспорт алуу үчүн документтерди камдай алышат. Калкты тейлөө борборунан "Паспорт" аттуу автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу паспорттор эки сааттын ичинде бериле баштайт.

Жылдын этегине чейин Кыргызстанда дагы эки Калкты тейлөө борбору ачылат. 2016-жылдан тарта мындай борборлор ар бир облустук борбордо, райондордо ишке кирет.

Бирдиктүү автоматташтырылган система өлкөдөгү студенттердин, мектеп окуучуларынын, пенсионерлердин, майыптардын так эсебин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Алардын баары кыска убакыт ичинде керектүү документтерди ала алышат. (AzK)

XS
SM
MD
LG