Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Йемен боюнча тынчтык сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктады


Тынчтык сүйлөшүүлөрдүн ачылышы. 15-декабрь, 2015-жыл.
Тынчтык сүйлөшүүлөрдүн ачылышы. 15-декабрь, 2015-жыл.

Швейцариядагы сүйлөшүүлөр төрт күнгө созулду. Атаандаш топтор мунаса таба албаганы менен бирок,14-январда кайрадан жолугууну макулдашты.

Йеменде өкмөтчүл согушкерлер менен шийит козголоңчулары ортосунда уруш жүрүп жатканына тогуз айга аяк басты. Андан алты миңдей кишинин өмүрү кыйылды.

Көбүнесе Перси булуңундагы араб өлкөлөрү кирген жана Сауд Аравия баштаган аскерий альянс президент Абд-Раббу Мансур Хадинин бийлигин калыбына келтирүү үчүн Иран менен кызматташкан хусит согушкерлерин быйыл майдан тарта бомбалай баштаган.

Каршылашкан эки тарап БУУ ортомчулук кылган сүйлөшүүлөргө тушташ жетишилген ок атышууну токтотуу шарты улантылышын макулдашкан-макулдашпаганы белгисиз.

Ок атышууну токтотуу шарттары бузулганы үчүн буга чейин Сауд Аравия да, хуситтердин кыймылы да бири-бирин айыпташкан.

Өзү атышуулардын ырагагы аз көлөмдөгү гуманитардык жардам согуш аймактарына жеткидей гана деңгээлде басаңдаган. (UE)

XS
SM
MD
LG