Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

В.Путин: Орусия Украинанын түштүк-чыгышындагы орустарды жалгыз калтырбайт


Мындай билдирүүнү Орусиянын президенти Владимир Путин 20-декабрда эфирге чыккан документалдык фильмде жасады. Анын айтымында, украиналык улутчулдар региондогу орустарга жана орус тилдүү украиндерге коркунуч келтирип турат. Ошондуктан Орусия аларды жалгыз калтырбайт.

2014-жылы апрель айында Украина чыгышында башталган орусиячыл жикчилдер менен согушта 9 миңден ашуун киши набыт болду. Президент Путин Украинада Орусиянын регулярдык армиясы бар деген сөздөрдү төгүнгө чыгарып, бирок кээ бир аскердик маселелерди чечкен кызматкерлер бар экенин 18-декабрда мойнуна алган. Орус президенти ошондой эле Орусия өзөктүк куралын өркүндөтөрүн, бирок аны “союл” катары булгалабасын белгилеген. (AiT)

XS
SM
MD
LG