Таш-Көмүр шаарындагы 12 батирлүү үйдө 21-декабрь күнү түн жарымда башталган өрт дагы эле өчпөй жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, учурда мекеменин тоокен кырсыктарынан куткаруу взводунан 4, издөө-куткаруу отрядынан 26 куткаруучу жана №56 жана №57 өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн атайын техникалары тилсиз жоону өчүрүү менен алектенүүдө. Кырсыктын себептери такталып жатат. (SE)