Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Примбердиев Кремлде ырдайт


Кайрат Примбердиев.
Кайрат Примбердиев.

Бүгүн, 21-декабрда Кайрат Примбердиев Москва шаарындагы Кремль аксарайында өтө турган Орусиянын "Главная сцена" телешоусунун гала-концертинде ырдайт. Кыргызстандык ырчы «Россия-1» телеканалы уюштурган «Главная сцена» сынагында финалга өткөн.

Кремль аксарайында кыргызстандык Кайрат Примбердиев жана орусиялыктар Алена Петровская, Илья Григорьев, Июлина Попова, Анна Салеева, Арсений Бородин жана "Рекорд Оркестр" тобу күч сынашат. Телешоунун калыстары Валерий Леонтьев, Михаил Боярский, Владимир Пресняков жана Диана Арбенина. Жеңүүчүгө берилген баш байге – бүткүл Орусияны кыдырып концерт берүү.

Кайрат Примбердиев кыргыз угармандарына алгачкы жолу “Сен дагы мени сагынганда, канатсыз учкуң келеби?” деген ыры менен ырчы катары таанылган. Кийинки ырларынан “Поезддеги махабат”, “Үмүтүмө”, “Сен деги кандай немесиң”, “ Сүйүүмдү сезбедиң” деген сыяктуу бир нече ырлары белгилүү.

“Главная сцена” сынагында Примбердиев "Есть только миг" деп аталган ырды андан кийин "Куда уходит детство" аттуу чыгармаларды ийине жеткире аткарып кесипкөй музыканттардын мактоосуна арзып финалга өткөн. (ZA)

XS
SM
MD
LG