Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Ооганстанда талиптер стратегиялык мааниси бар районду ээлешти


Ооганстанда өкмөттүк күчтөр менен талиптердин урушу күчөп баратат.
Ооганстанда өкмөттүк күчтөр менен талиптердин урушу күчөп баратат.

Гилменд провинциясынын губернаторунун орун басары Мохаммад Расуляр бир нече күнгө созулган уруштардан кийин талиптер Сангин районун толугу менен басып алганын 21-декабрда маалымдады. Аскердик объекттер гана талиптердин колуна өткөн жок. Уруш уланууда.

Ооганстан өкмөтүнүн аткаруучу директору Абдулла Абдулла тез арада чара көрүлөрүн билдирди. Мохаммед Расуляр региондогу кырдаал тууралуу 19-декабрда Фейсбук аркылуу кабарлап, бир айдан бери жүрүп жаткан согуштан өкмөттүк 90 жоокер каза тапканын, жардам жөнөтүлбөсө Гилменд провинциясы толугу менен талиптердин колуна өтөрүн эскерткен. (AiT)

XS
SM
MD
LG