Орусиянын каржы министрлигинин кабарлоосуна караганда, 21-декабрга карай Украина 3 млрд. доллар еврооблигациясын төлөй албады жана президент Владимир Путин ноябрь айында сунуштаган шарт менен карызды реструктризациялоо боюнча сүйлөшүүнү баштаган жок.
Украин өкмөт башчысы Арсений Яценюк Орусияга карыз төлөө токтотулганын 18-декабрда жарыялаган. Анда Киев карызды качан төлөй башташы тууралуу айтылган эмес. Украинанын карызды төлөөгө дагы он күндүк мезгили бар экени кабарланууда. Бирок орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев карыз төлөнбөгөнүн ырастап, соттошууга даярдык көрүүнү буйруду.
Эки мамлекеттин мамилеси Орусия 2014-жылы Крымды ээлеп, Украинанын чыгышында жикчилдерди колдоосуна байланыштуу кескин начарлап кеткен. (AiT)