Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:02

Жоголгон жоокер боюнча сот эртең башталат


Чоң-Алайдагы Карамык өткөрүү пункту, 28-август, 2012-жыл.
Чоң-Алайдагы Карамык өткөрүү пункту, 28-август, 2012-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасында кызмат өтөп жатып төрт ай мурун дайынсыз жоголгон жоокер боюнча сот отуруму 23-декабрда башталат. Ишти Ош гарнизонунун аскер соту карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Чоң-Алайдагы “Карамык” чек ара бекетинде кызматта жүргөн аскер Бексултан Баардинов 23-августта жоголгон. Чек арачылар алгач анын нөөмөткө кеткен бойдон дайынсыз экенин маалымдашкан.

Ош аскер прокуратурасы 14-сентябрда жоокер чек ара кайтарууга эмес, аңчылыкка кетип, изи табылбай калганын аныктап, кылмыш ишин козгогон. Аталган аскер бөлүктүн бардык башчылары кызматтан алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG