Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Тажикстанда жаңы жылдык балаты жана дасторкон жаюуга тыюу салынды


Тажикстандын билим берүү жана илим министри Нуриддин Саид жаңы жылдык балаты майрамын уюштурууга тыюу салуу тууралуу буйрукка кол койду. Ага ылайык, бардык билим берүү мекемелеринде балатыларды кыйып орнотууга, кооздоого, фейерверк менен пиротехниканы колдонууга, майрамдык отуруштарды уюштурууга, белек берүүгө жана майрам үчүн акча топтоого чектөө киргизилмекчи.

Ошондой эле окуучулардын жана студенттердин жапырт майрамдоосуна, эс алуу жайларына баруусуна да тыюу салынат. Министрлик окуучуларга жана студенттерге майрам күндөрү маданий, адабий иш-чаралар, спортук мелдештерге катышууну сунуштады. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG