Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Таш-Көмүр шаарында турак-жайы өрттөнүп, үйсүз калган 32 кишиге гуманитардык жардам жөнөттү. Такталган маалыматтар боюнча, жабыркагандардын тогузу - жаш балдар, үчөө - улгайган кишилер.
Аларга 32 даана төшөнчө, ашкана жана гигиеналык каражаттар, кийим-кече, азык-түлүктөр жөнөтүлдү.
20-декабрдын түнүндө Таш-Көмүр шаарында электр жабдыктарынан чыккан өрттөн улам 12 батир жана коомдук фонддун кеңсеси толугу менен күйүп кеткен. Үйсүз калгандарды шаар бийлиги кесиптик лицейдин жатаканасына жайгаштыруу чечимин кабыл алды. (SE)