Аймактагы талаштуу суроолорду чечүү максатында Тегеран Эр-Рияд менен түз сүйлөшүүгө барууну көздөрүн бүгүн Ирандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Калкынын басымдуу бөлүгү шийит мусулмандарынан турган Иран жана суннилер көптүк кылган Сауд Арабия Ирак, Йемен жана Сириядагы жаңжалдар боюнча эки башка көз карашты карманып келишет.
Иран Сирия жана Ирак бийликтерине аскерий кеңештерди берип, колдоо көрсөтүп келсе, Сауд Арабия Сириядагы байистүү оппозицияны колдогонун жашырбайт. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хосейн Жабир Ансари жаңы сауд элчисине Тегерандан атайын кеңсе берилерин билдирди. Азыркы элчи бир жылдан бери Иранга бара элек.
Ансари Сауд Арабиянын 34 сунни мусулман мамлекеттеринен турган антитеррордук коалиция түзүү демилгесин ачык сынга алган жок. Ошентсе да Ансари падышалыкты эки стандарттуу саясаттан алыс болуп, согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн жана улуттук төбөлсүздүгүн сыйлап, кийлигишпөөгө чакырды.
Өткөн аптада Сауд Арабия террорчулукка каршы аскердик коалиция түзүлгөнүн жарыялады. 34 өлкөнүн башын бириктирген альянска 18 араб мамлекети кирмекчи. Калгандары Азия жана Африкадагы өлкөлөр. Бул коалицияда Ирак жана Сирия жок.