Линктер

бейшемби, 29-июнь, 2017 Бишкек убактысы 03:10

Атамбаев менен Миллер кызматташуу маселесин талкуулады


Атамбаев жана Миллер

Президент Алмазбек Атамбаев Орусияга жасаган иш сапарынын алкагында 22-декабрь күнү “Газпром” ишканасынын башчысы Алексей Миллер менен жолугушуп, мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулады. Мамлекет башчынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сүйлөшүүнүн негизин Кыргызстандын аймактарын газ менен жабдуу маселеси түздү. Андан сырткары, өлкөнүн энергетика секторуна инвестиция тартуу жаатында сүйлөшүштү.

Атамбаев ЖККУ жыйынына катышуу үчүн Москвага 21-декабрда барган.

Мурдагы “Кыргызгаз” ишканасын 2014-жылы “Газпром” сатып алгандан соң, “Газпром Кыргызстан” ишканасы түзүлүп, көгүлтүр от тармагын аталган ишкана тейлейт. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG