Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:11

Нарында карышкырлар эки кишиге кол салды


Нарында карышкырлар тиш салган эки киши ооруканада дарыланууда. Алардын абалы орто. Окуя бүгүн эртең менен Нарын районундагы Орук-Там айылында болгон. Айылдагы мектептин от жагуучусу таңкы саат жетиде жумушка бараткан кезде ага эки карышкыр кол салган. Алар от жагуучунун колун чайнап, ошол эле жерде турган дагы бир адамды тиштеген. Дароо эл топтолуп, аларды жырткычтардан арачылап калышкан. Бул тууралуу Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Кенжебай Кыдыров билдирди.

Облустун бийлик өкүлдөрү быйыл аймакта карышкыр күч алгандыгын белгилеп, аны жок кылуу үчүн өкмөттөн 500 миң сом бөлүнгөнүн кабарлаган. Учурда мергенчилерден турган 63 топ карышкырларды атуу боюнча иштеп жатат. (MiK\SE)

XS
SM
MD
LG