Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев 22-декабрда билдирди. Анын айтуусунда, эки саатта бериле турган паспорттун баасы 6 миң сом болот.
Андай документ Бишкектин Чолпон-Ата жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кеңсесинде берилүүдө.
Экинчи пункт Бишкектеги эски аба майданы тарапта жайгашып, ал дагы жакын арада ID картаны ыкчам бере баштайт. (AiT)