Бир жыл мурун токтотулган Бишкек-Жалал-Абад авиакаттамы 28-декабрдан тарта кайра жанданып, аптасына бир жолу учуп турат. Жүргүнчүлөрдүн саны көбөйсө, эки каттам аткарылат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Аба майданындагы учуу тилкесинин кыскалыгы жана айрым техникалык жагдайлардан улам 2014-жылдын 28-октябрында каттам токтотулган. Ага чейин аптасына эки жолу учактар каттап турушкан.
Быйыл мамлекет башчы аймакка жасаган иш-сапары учурунда жергиликтүүлөр бул маселени көтөрүп, президент аны чечүүгө убада берген. Аэропорттогу мүчүлүштүктөр чечилгенин калаа бийлиги айтууда.
Бишкек-Жалал-Абад каттамына билет баасы 2500 сом болот.
Жалал-Абад аэропорту 1945-жылы салынган. (SE\RsK)