Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Баткенде кыргыз-тажик чек арачыларынын жолугушуусу өтүүдө


Баткен шаарында бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын жолугушуусу өтүп жатат. Ага эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын аймактык башкармалыгынын жетекчилери катышууда. Cүйлөшүүнүн негизин буга чейинки кызматташтыктын күңгөй-тескейи жана жаңы жылга пландар түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 976 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы такталган. Негизинен калк жашабаган, тоолуу аймактар чечилип, эл отурукташкан айылдардын айланасында иш бир топ убактан бери алга жылбай келет. Анын айынан соңку кездери эки өлкө жарандары арасында жаңжал күчөп, куралдуу кагылыштарга чейин барган.

Быйыл октябрда эки өлкө 12 гектар жерди бири-бирине берүүгө макулдашкан. Алмашуу шахмат өңдүү жайгашкан аймактарда жүрөрү маалымдалууда. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG