Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясы жыл жыйынтыгын чыгарды


Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясы бүгүн Бишкек шаарында жыл жыйынтыгын чыгарды. Иш-чаранын жүрүшүндө федерациянын жыл бою аткарган иштери тууралуу тасма көрсөтүлүп, алдыңкы спортчуларга, машыктыруучуларга жана демөөрчүлөр менен шериктештерге сыйлыктар тапшырылды.

2015-жылы кыргыз дзюдочулары бир нече эл аралык мелдештерде байгелерге жетишкен. Анын ичинен 7 медаль Азия чемпиондуктарына таандык. “Жылдын мыкты спортчусу" наамы Бангкоктогу мелдеште өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону болгон Сагынбай уулу Баяманга жана "Мыкты машыктыруучу" наамы Ош шаарындагы "Мухаммед Умар" спорт клубунун машыктыруучусу Нурбек Жусуповго ыйгарылды. (Ech)

XS
SM
MD
LG