Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Эл артисти Cейитказы Андабеков дүйнө салды


Узакка созулган оорудан улам бүгүн түшкө жуук Кыргыз эл артисти Сейитказы Андабеков 90 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу “Азаттыкка” небереси Адилет Андабеков кабарлады.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жана Кыргыз эл артисти Сейитказы Андабеков 1925-жылы Ат-Башы районунун Кара-Коюн айылында туулган. 17 жашында советтик армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жана "Эрдик" медалы менен сыйланган. Ал 58 жыл Нарын драма театрында иштеп, бир катар ролдорду жараткан.

Эл артистин акыркы сапарга узатуу зыйнаты 25-декабрда Нарын шаарында болот. (MiK)

XS
SM
MD
LG