Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Кремл Түркиядагы күрт оппозициясынын лидерин кабыл алды


Салахиддин Демирташ менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 23-декабрь, 2015-жыл
Салахиддин Демирташ менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 23-декабрь, 2015-жыл

Түркиядагы күрттөрдүн оппозициялык Элдик демократиялык партиясынын лидери Салахиддин Демирташ 23-декабрда Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда Анкаранын аба мейкиндигин бузду делген орус учагын атып түшүрүүсүн кескин сынга алды. Аны Кремл жылуу кабыл алып, өзгөчө сый-урмат көргөзгөнү маалымдалууда.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бул партияны өлкөнүн түштүк-чыгышындагы күрт көтөрүлүшчүлөрүн колдойт деп айыптаган болчу. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул жолугушууда Москва Түркиядагы этникалык күрттөр менен Сирияда жана Иракта “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүү үчүн биргеликте кызматташууга кызыкдар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG