Парламенттин кабарлоосуна караганда, бюджет бүгүн экинчи окууда карала баштайт. Ага премьер-министр Темир Сариев баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышат. Жогорку Кеңеште 2016-жылдын бюджети биринчи окууда кирешеси 124 млрд. сом, чыгашасы 147 млрд. сомго жакын деп кабыл алынган. Парламенттин күн тартибине ошондой эле 11-ноябрда Чүй облусундагы №50 абактан качуу боюнча маселени кароо дагы коюлган. Абактан качуунун айынан 14 киши каза болуп, ал окуя коомчулукта чоң талкууларды жараткан. (AiT)